Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 31.10.2017 17:36

Кочкордогу жаштар улак тартыш оюнун уюштурушту (видео, фото)

Turmush -  Кочкор районунда улак тартыш оюну жанданууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кара-Күңгөй айылынын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, Кара-Күңгөй айылынын жаштары ата-бабадан келе жаткан улак тартыш оюнун жандандыруу аракетин көрүшүүдө. Жакында эле, 1981-жылы туулган жаштар улак тартыш оюнун уюштуруп, Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынан түзүлгөн 3 команда беттешти. Биринчиликти алган командага 2500 сом жана өтмө кубок, 2-орунга 1500 сом, 3-орунду ээлеген командага 500 сом акчалай байгелер берилди. Ал эми, Кара-Күңгөй айылынын улакчыларына демөөрчү тарабынан формалар тапшырылды. Ошондой эле, улак тартыш оюнун андан ары улоо максатында эстафетаны 1982-жылы туулган жаштарга өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×