Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Нарын

Эл ичи — өнөр кенчи: Жумгалдык бийчи Б.Акматова бийлеп жатып жаа атат (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылынын 20 жаштагы тургуну Бермет Акматова бий жана жаа атуу менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Кичинекей кезимден бери жаа атууга кызыкчумун. Балдар менен жыгачтан жаа жасап алып ойноп жүрчүмүн. Салбурун федерациясынын координатору Н.Кадыровна «шакирт кыздар керек» деп чакырды. Ошол учурдан бери машыгам. Азыр Көчмөндөр оюндарына катышууга даярданып жатам. Көп убактымды жаа менен өткөрөм. Биз көбүнчө жаа менен бийлейбиз. Жакында эле Ош шаарында салбурун оюну болуп, ошол жакка барып жаа менен бийледик. Бийлеп жатып бутаны атам. Көбүнчө кыргыз бийлерин бийлейбиз. Мисалы кара жорго бийин бийлеп жаа атам. Жакында тойлордо жаа менен шоу көрсөтсөк деген пландарыбыз бар», - деди ал.

Бийчи-жаачы кыз учурда Кыргыз улуттук университетинин студенти. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2091
Көп окулду
×