Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Нарын

Жумгалда 23 жаштагы жигит башкарган унаа 8 жаштагы баланы сүзүп кетти

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында кечээ, 9-ноябрда 8 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен жигит кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол-транспорт кырсыгы Матыев жана Айылчиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анын кесепетинен 8 жаштагы И.Х. жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ага дарыгерлер тарабынан биринчи жардам көрсөтүлүп жана ата-энеси менен үйүнө жиберилген.

Жабыр тарткан баланын энеси — 48 жаштагы С.Г. Жумгал райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча атайын ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ага Жумгал РИИБдин жалпы өздүк курамы жана Нарын ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмү тартылды. Ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кырсык болгон күнү Жумгал РИИБдин Патрулдук милиция кызматкерлеринин тобу тарабынан «Субару Импреза» унаасынын айдоочусу — аталган айылдын 23 жаштагы тургуну А.М. кармалды. Ал 8 жаштагы баланы унаа менен сүзүп кеткенин мойнуна алган.

Айдоочу Жумгал РИИБге жеткирилип, унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулду. Топтолгон материалдар райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3456
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
8:19,   20.04.2018   ( 12 адам окуп жатат)
×