Turmush - Жумгал районунун Чаек айылынын Ак-Татыр аймагындагы жаңы конуштарга трансформаторлор менен орнотулуп, жашоочулар электр жарыгы менен камсыздалганы турат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери, айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көмөгү менен трансформаторлор орнотулууда.
«Айыл тургундарына бул чоң белек болот. Шайлоо алдында бир эстешет, көп эле убадаларды беришет, бирок алардын кийин аткарылышын уккан эмес элем. Эми минтип талапкерлердин ишенимдүү адамдары тарабынан убадалар аткарылып, эл жарык менен камсыз болгону турушат. Шайлоо болордо эле иш бүтпөй, башка күндөрү деле толгон маселелер чечилсе», - дешет жергиликтүү тургундар.