Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Жумгалда узундугу 5 метрлик көпүрө курулду (фото)

Turmush -  Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жана ӨКМдин өзгөчө кырдаал жана адам өмүрүнүн коопсуздугун алдын алуу боюнча практикалык окуусунун жүрүшүндө узундугу 5 метр болгон көпүрө курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Чаек айыл аймагындагы Т.Турсунбаева көчөсүндө дренажга унаа жана адамдар өтүүгө ылайыкталган узундугу 5 метр көпүрө курулган. Бул жумуштарга айыл өкмөттүн жашылдандыруу-көрктөндүрүү чарбасынын өздүк курамы тартылды.

Жалпы сарпталган чыгым жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана ӨКМ тарабынан каржыланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 423
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×