Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 19.11.2017 11:19

Фото - Жумгалдагы жол кырсыктан 3 эркек, 1 аял каза болду

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы жол кырсыктан 4 адам көз жумду. Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, 18-ноябрда саат 12:30 чамасында «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 3 эркек жана 1 аял киши ошол жерде каза болгон. Андан тышкары 1 адам жаракат алды.

Каза болгондордун жансыз денелери туугандарына берилип, жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилген.

ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, аталган кырсык Балыкчы—Казарман унаа жолунун 234-чакырымындагы Өрнөк айылында болгон.

«Нарын облусунун 1969-жылы туулган тургуну А.Т. бурулуштан унаанын башкаруусун жоготуп, унаа 12 метр бийиктеги жардан кулап кеткен. Бул факты боюнча экпертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат», - деп билдирди.

кырсык.jpg

кырсык1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×