Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 20.11.2017 10:50

Чаекте көп кабаттуу турак үйлөрдө от жагуучу мешти колдонууга тыюу салынды

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы көп кабаттуу турак жайлардын ичинде жылуулук системасы камтылган эмес. Анын кесепетинен ушул жылдын башында бир катар батирлерден өрт чыккан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн өтө күчтүү үй жылыткычтарын жана от жагуучу мештин морун көп кабаттуу турак үйдөн чыгарып колдонууга тыюу салды. Ошондой эле алардын колдонулушу өтө кооптуу экендиги айтылып, тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары электр энергиясы тартылган зымдарды текшерүү жана аларды оңдоп колдонуу керектиги эскертилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×