Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Жумгалда менталдык арифметика методу менен балдарды окутуу жүрүп жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун ар бир айылдарында эл аралык деңгээлдеги билим берүү борбору тарабынан менталдык арифметика методу менен балдарды окутуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Жумгал районунун Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери Садырбаева Айзада, Байманбетова Жылдыз бир нече секунддун ичинде ооз эки эс тутумдун жардамы менен көп сандагы цифраларды алып кошуп жана көбөйтүп бөлүү боюнча Жумгалдын окуучуларына билим берүү максатында билим берүү борборунан Бишкек шаарында тажрыйба алып келишкен. Бул менталдык арифметика методу менен окуган өспүрүм балдар өзүнүн жөндөмү менен дүйнө элин таң калтырып келет.

Менталдык арифметика методикасы 4 жаштан 16 жашка чейинки окуган өспүрүм балдардын ооз эки эсеп чыгаруунун негизинде ойлонуу жөндөмдүлүгүн жогорулатып, мээнин чексиз мүмкүнчүлүктөрүн ачат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 987
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×