Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 21.11.2017 11:23

Жумгалдагы мечиттер оңдоп-түзөөдөн өтүп, кышка даярдалды (фото)

Turmush -  Жумгал районунун айылдарындагы 30га чукул мечиттердин көпчүлүгү оңдоп-түзөөдөн өтүп, кышкы мезгилге жылытуу тармактары жана отун-суулары даярдалды. Бул тууралуу райондук борбордук мечиттен кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, учурда ар бир айылда кеминде экиден мечит бар. Алардын кышкы мезгилге карата отуну тартылып дайындалган. Ошондой эле оңдоо иштери да бир катар демөөрчүлөр тарабынан жана жергиликтүү тургундардын көмөгү менен жасалган. Андан тышкары мечиттердин имамдары Нарын облустук казыяты тарабынан билим деңгээлдерин жогорулатып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×