Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Нарын

Баш-Кууганды айылындагы «Дыйкан» суу сактагычы оңдоодон өтүп жатат (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы «Дыйкан» суу сактагычы ушул жылдын сентябрь айынан тарта Кыргызстандын улуттук стратегиясына киргизилип, оңдоодон өтүп баштады. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Рахат Жумуков кабарлады, деп билдирди аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, сентябрь айынан тарта жумушчулар суу сактагычты калыбына келтире баштаган. Кыргыз өкмөтү тарабынан жалпы 61 млн сомдук тендер жарыяланып, аны 54 млн сомго «Жалал-Абад» курулуш-монтаждоо башкармалыгы утуп алган. Суу сактагыч 2018-жылдын май айында бүтүп пайдаланууга берилет.

Суу сактоочу жай аркылуу жалпы 200 га сугат жери, 120 га чарбак суу менен камсыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 902
Көп окулду
×