Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Нарын

Жумгалдыктар көмүр тарткан айдоочулар жүктүн үстүн жаппаганына нааразы (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун аймагынан көмүр тартып жатышкан унаалар көмүрдүн үстүн жаппай тартып жаткандары мыйзамды сактабагандык, деп билдиришти жергиликтүү жеңил унаа айдоочулары.

Айдоочу Жаныбек Кызалаковдун айтымында, учурда райондун аймагынан күнүгө 500гө чукул көмүр тарткан унаалар өтүшөт. Алардын көпчүлүгү айылдарды аралап өткөндүктөн жүктөлгөн көмүрдүн үстүн атайын жабуу менен жабышы керек эле. Бирок тилекке каршы айрым көмүр тарткан унаа ээлери мындай тартипти сакташпайт жана мыйзамды аткарышпайт.

«Көмүрдү толо жүктөшөт, бирок үстүн жаппай айылдарды аралап кетишет. Ошондой эле ашыкча салмакта жүктөп алышып, орто жолдон жеңил унааларга жол бербей катуу айдашат. Андан тышкары жүктөп алган көмүрлөрү улам ар жерге түшө берип, жолдорду талкалап, жеңил унааларга тоскоолдук жаратып келишет. Буларга көзөмөл кылган жол коопсуздугу жана укук коргоо органдары назар салып коюшса болмок. Кыш мезгили кар калың жааса, жолдор да тайгак болуп адам өмүрүнө кооптуу болуп калат», - деди Ж.Кызалаков.

Ал эми жол боюндагы Баш-Кууганды, Түгөл-Сай айылдарынын тургундары көмүрдүн үстүн жаап өткөн унааларды бир дагы жолу көрүшкөн эмес. Ошондой эле, Куйручук айылындагы жол боюндагы тамактануу жайынын жумушчулары көмүр тарткан унаалар Балыкчы шаарына кирерде гана үстүлөрүн жаба турганын, ал эми Жумгал, Кочкор райондорунан үстү ачык эле бойдон өтөрүн белгилешти.

Жумгал РИИБдин жана «Турускул» көзөмөл-өткөрмө пунктунун кызматкерлери көмүр тартып жатышкан унаалар көмүр кенинен чыгып баратканда ачык чыгышып, таразадан соң үстүн жаап кетишерин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1285
Көп окулду
×