Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Нарын

Миң-куштук ата-энелер балдарын «битиңерди сыгып, каныңарды жалагыла» деп тилдеген мугалимге нааразы (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы орус тилдүү Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин профкому Перизат Курманкожоева балдарды «жармаңкеге тамак жасап келбейсиңер» деп урушуп, жасап келбеген окуучуларды «битиңерди сыгып, каныңарды жалагыла» деп тилдеген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуучулардын ата-энелери билдиришти.

Алардын айтымында, 11-класстын окуучуларына аталган мугалим көп жылдан бери сабак учурунда оозго алгыс жаман сөздөрдү айтып келген. Акыры мындай запкыга чыдабаган окуучулар мугалимдин тилдеген сөзүн аудиожазууга жаздырып алышып интернетке чыгарып, акыйкат издешкен. Ал тургай, кээ бир окуучулар кыргыз тилдүү мектептерге которулууга аргасыз болушкан.

Ал эми ата-энелердин бири Гүлмира Даниярова мугалимдин балдарга карата сүйлөгөн сөзү жат көрүнүш экендигин, «битиңерди сыгып, каныңарды жалагыла, силерди кессе да кан чыкпайт» деген сөз жакшылыкка алып келберин билдирди.

«Биз балдарды мектепке окутканы жиберебиз. Мугалимдер сабак өтпөй, ата-энелердин капчыгындагы тыйынын санашабы? Анысы аз келгенсип 5 балага 1 китеп беришет. Мектеп бербеген китептерди өзүбүз сатып алабыз. Бул мектеп Бакиевдин кланы. Мектепте жалаң ага, тууган, эже-сиңди, куда-сөөк, өкүл балдарынан бери иштешет. Жада калса кароолчу, пол жуугучуна чейин туугандар отурушат. 2 жыл мурда ушул мектептин 6 баласын дене тарбия жана спорт мугалими баштарын жарып сабаганда унчуккан эмеспиз. Эми балдарыбыз башка мектептерге барып окуга аргасыз болуп отурушат. Тез арада чара көрүүнү талап кылабыз», - деп билдиришти окуучулардын ата-энелери.

Бул дооматтар боюнча мектеп мугалими Перизат Курманкожоева окуучулардын мектепке болгон мамилеси жана алардын жүрүм-турумунан улам аларга карата катуу сөз айтып алгандыгын билдирди.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-JtUPv4gqr9g7dLU

«Бул мектепте окуган 11-класстын окуучулары жыл сайын жармаңке уюштуруп, ага тамак-аш жасап келип, андан түшкөн каражатка жетишпей жаткан китептерин алышчу. Бул жылы 11-класстын 3 окуучусуна 1 китеп жетишпей жаткандыктан аларды жармаңкеге катышууну өтүнгөм. Бирок алар мугалимдин тилин укпай, аткарышкан жок. Ар жыл сайын 5-класстан 11-класска чейин жармаңкеде тамак жасап сатышат. Ар бир класс 2000 сомго чейин акча чогултуп, ортого китеп сатып алып окуп келишкен. Бул жерде эч кандай уруш-талаш жок. Болгону бул окуучулардын окууга болгон мамилеси төмөн болуп жаткандыктан айткам. Быйыл мектепти бүтүшөт, тест тапшырып, жогорку окуу жайга өтүшү керек. Мен аларга туура жана күчтүү билим беришим керек болчу. Эгер окуучулар туура билим албаса, жыйынтык көрсөтө албаса мага эле сөз тийип жатпайбы. Мен аларды жаман болсун деп тилдебейм, болгону билим алып, окуп алышсын дейм.

Окуучулар мугалимдин айтканын укпай тескерисинче шылдыңдап, китептери, дептерлери жок сабакка келишет. Биздин мектепке 11-класстар үчүн такыр китеп берилген жок. 16 жылдан бери иштеп келем, мындайды көргөн эмесмин. Ал эми окуучулар башка мектепке кеткен жок, бир гана мугалим балдарын башкага мектепке алып кеткен. Башка балдар барып келишти, ал жак жакпай калып кайра эле окуп жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8627
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
8:19,   20.04.2018   ( 8 адам окуп жатат)
×