Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 05.12.2017 14:51 На русском

Фото - Көмүр казган ишканаларга нааразы болгон миң-куштуктар эки күндөн бери жол тосуп турушат

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылынын жергиликтүү тургундары көмүр казган ишканаларга нааразы болуп, эки күндөн бери жол тосуп турушат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдык кеңештин депутаттары билдиришти.

Жол тоскондор Миң-Кушта көмүр иштеткен кытай ишканаларынын кетишин жана иштебеген көмүр кендеринин лицензиялары алынып иштегендерге берилүүсүн, айылдын четиндеги жолдордун оңдолушун жана айыл ичи менен унаалардын өтүүсүнө тыюу салынуусун талап кылышууда.

Ошондой эле, Кашка-Суу аймагындагы кооз жаратылыш жерди талкалаган кытай ишканасы аталган жерди кайра калыбына келтирүүсүн айтышты.

«Жолубуз оңдолбой келет. Жергиликтүү элге арзан көмүр берилген эмес жана ишканалар социалдык баштыкчаларды аткарбай жатышат. Биздин талаптар аткарылбаса, биз көмүр кендерин такыр эле токтоттурууга аргасыз болобуз. Бизге ден соолук жана тынчтык жашоо керек», - деп билдиришти тургундар.

Кечээ, 4-декабрда район бийлиги эл менен жолугушту. Бирок айылдык кеңештин депутаттары жана тургундар район акими Адыл Сапаровдун жолду ачкыла деген өтүнүчүн уккан жок жана жолду ачпай тургандыктарын билдиришти.

Учурда болжол менен 50гө жакын тургундар көмүр кенине барчу жолду тосуп, унааларды өткөрбөй турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×