Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Эки күн жол тоскон миң-куштуктардын Миң-Куш — Арал унаа жолу оңдолуп башталды (фото)

Turmush -  Миң-Кушта көмүр казгандар Миң-Куш — Арал унаа жолун оңдоп башташты. Бул тууралуу айыл тургундары аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 5-декабрь күнү кечке маал көмүр кендеринин техникалары жолго кум төгүп, таптап башташкан.

Бүгүн, 6-декабрда облустан жетекчилер жана Бишкек шаарынан эл өкүлдөрү да барып, тургундар менен жолугушуу өткөрүшмөк.

Буга чейин Turmush басылмасы Жумгал районунун Миң-Куш айылынын жергиликтүү тургундары көмүр казган ишканаларга нааразы болуп, эки күндөн бери жол тосуп тургандыгын маалымдаган.

Жол тоскондор Миң-Кушта көмүр иштеткен кытай ишканаларынын кетишин жана иштебеген көмүр кендеринин лицензиялары алынып иштегендерге берилүүсүн, айылдын четиндеги жолдордун оңдолушун жана айыл ичи менен унаалардын өтүүсүнө тыюу салынуусун талап кылышууда.

Ошондой эле, Кашка-Суу аймагындагы кооз жаратылыш жерди талкалаган кытай ишканасы аталган жерди кайра калыбына келтирүүсүн айтышты.

«Жолубуз оңдолбой келет. Жергиликтүү элге арзан көмүр берилген эмес жана ишканалар социалдык баштыкчаларды аткарбай жатышат. Биздин талаптар аткарылбаса, биз көмүр кендерин такыр эле токтоттурууга аргасыз болобуз. Бизге ден соолук жана тынчтык жашоо керек», - деп билдиришти тургундар.

Кечээ, 4-декабрда район бийлиги эл менен жолугушту. Бирок айылдык кеңештин депутаттары жана тургундар район акими Адыл Сапаровдун жолду ачкыла деген өтүнүчүн уккан жок жана жолду ачпай тургандыктарын билдиришти.

Учурда болжол менен 50гө жакын тургундар көмүр кенине барчу жолду тосуп, унааларды өткөрбөй турушат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2749
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×