Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Нарын

«Мекендештер»: 24 жаштагы жумгалдык У.Ниязов Индонезиядагы компанияда менеджер болду (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын 24 жаштагы тургуну Улан Ниязов учурда Индонезиядагы компаниялардын биринде менеджерлик кызматты аркалайт. Улан менен аймактык кабарчы таанышты.

Улан 1993-жылы Чаек айылында туулган. Үй-бүлөдө 2 бир тууган. Өзүнөн кичүү Дастан аттуу иниси бар. Атасы Бакыт Тукеев жеке насыя берүү компаниясын иштетсе, апасы Нургүл Исакова райондук салык кызматында бөлүм башчы болуп эмгектенет.

Улан 7-класска чейин Чаектеги T.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында окуп, андан соң Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы Нарын түрк лицейин артыкчылык күбөлүк менен окуп бүтүргөн. 2011-жылы Индонезияга барып, ал жактан тил курсунда окуган. 2012-жылы UNNES Degwn окуу жайында окуусун улантып, экономист-менеджер факультетин аяктаган.

«Кыргызстандан бул жакка билим алуу жана жер көрүү, тажрыйба топтоо максатында келгем. Окуумду ийгиликтүү аяктап, учурда кесибимдин аркасы менен кызмат кылып жатам. 2014-жылдан тартып, жыландын терисинен жасалган сумканы экспорт кылган адамга жардам берип иштеп калдым. Андан соң 2015-2016-жылдардан тартып теңтуш балам менен чогуу атайын товардын үлгүсүн иштеп чыгып, каттоодон өткөрүп, Россияга, Питер шаарына каляндын көмүрүн эскпорт кылып иштедим. Кийин 2016-жылдын ортосунан тарта бир компанияга котормочу жана 2017-жылдан баштап ошол эле компаниянын администрациясынын менеджери болуп иштеп жатам», - деди ал.

У.Ниязов Кыргызстандай өлкө башка жерде жок экенин баса белгиледи.

«Кыргызстан башкалардан таза суусу, абасы, кең пейил эли жана меймандостугу менен айырмаланат. Ал эми, Индонезия өлкөсүнүн кооздугу, тазалыгы жана адамдарынын кең пейилдиги, урматтоосу менен биздин элден айырмасы байкалбайт.

Келечекте көп кыялдар бар, анын баарын ишке ашырууга убакыт керектелет. Сыртта жүргөнүбүз менен жүрөгүм кыргыз эли, кыргыз жери деп согот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6259
Көп окулду
×