Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Нарын

Жумгалдагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө корейлер бекер көмүр таратышты (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө бекер көмүр таратылып берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, Жумгал районунун акими А.Сапаровдун демилгеси менен корейлердин «Жаңы айыл куруу кыймылы» долбоорунун көмөгү аркылуу райондун 4 айылындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө бекер көмүр таратылган.

Учурда аталган районго барган корейлер айылдардагы муктаждарга дагы башка колдоо көрсөтүү иштерин сүйлөшүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1021
Көп окулду
×