Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 14.12.2017 17:12

Жумгалда 6 баласы бар жалгыз бой энеге жардам катары саан уй берилди (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну — 6 баланын жалгыз бой энеси Гуля Тукеевага демөөрчүлөр тарабынан жардам берилди, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, аталган үй-бүлөгө саан уй жем-чөбү менен кошо берилди. Ошондой эле, алар көмүр менен камсыз болду.

Г.Тукеева 6 баланын — 5 кыз жана 1 уулдун энеси. Анын балдарынын улуусу 8-класста окуса, кичүүсү 4 жашта. Алар жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесине катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×