Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Нарын

Фото - Жумгалдык Ч.Сунайылдаев айылына 54 миң долларга жүктөгүч техникасын алды

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 40 жаштагы тургуну Чынтемир Сунайылдаев айылына 54 миң АКШ долларына бааланган жүктөгүч техникасын (фронтальный погрузчик) алып келди. Бул тууралуу жергиликтү тургун Б.Оталиев билдирди.

Анын айтымында, мындай унааны алууну көптөн бери пландап жүргөн. Бир туугандарынын жардамы жана өзүнүн мал жандыктарын техникага жумшоо менен каражаттарын чогултуп, айыл чарбасына керектүү техниканы алып келди. Учурда айылдагы айыл чарба иштерин кылууга, коңшу айылдардын жумуштарын жасоого бел байлап турган чагы.

Аталган айылда айыл чарба техникасы жетишсиз жана башка айылдан ижарага алынып келинчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5860
Көп окулду
×