Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 18.12.2017 08:18

Чаектеги каралбай калган чоң имарат спорт мектепке айланат

Turmush -  Жумгал районунун борбору Чаек айылындагы муниципалдык менчикте турган эски чоң имаратты спорт мектеп кылуу демилгеленди. Бул боюнча айыл өкмөт башчысы Бектен Кадыров кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, райондук дене тарбия жана спорт комитети менен Чаектеги балдардын спорт мектебинин жамааты бул иштерди эртелетүүнү суранышкан. Жергиликтүү бийлик бул сунуштарды колдоп, жогорку бийликтен жардам көрсөтүлдү. Учурда спорт мектептин имаратын оңдоо иштеринин долбоорлорун түзүү иштери жүрүп жатат. Бул имарат СССРден бери колдонулбай турган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×