Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Жумгалдагы токойлорду байырлаган канаттууларды мергенчилер атып жок кылууда, - тургундар

Turmush -  Жумгал суусунун айланасындагы токойлорду байырлаган канаттууларды атып жок кылып жатышат, деп билдирди Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Мурат Кожонов.

Анын айтымында, айылды аралап өткөн Жумгал суусунун жээгинде 2-3 мылтык көтөргөн жаш балдар аңчылык кылып, кыргоол жана башка канаттууларды атып жүрүшкөн.

«Бизде канаттууларды атып жок кылышууда. Бул токойдо сейрек кездешкен кыргоолдор көп болчу эле. Жылдан жылга кырылып жок болуп бара жатат. Жапайы жаныбарлардын саны да азайды. Коён, тыйын чычкандар көп болчу. Эмне үчүн жергиликтүү бийлик, Мамэкотехинспекция карабайт?», - деди М.Кожонов.

Ал эми, Мамэкотехинспекция менен айыл өкмөттүн өкүлдөрү жергиликтүүлөр айткан аңчылык боюнча маалымат жок экенин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 452
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×