Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Жумгалда облус башчысынын балаты майрамына 130 бала катышты (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун балаты майрамы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга район акиминин орун басары Гүлбарчын Исакова билдирди.

Анын айтымында, өкүлдүн балаты майрамы Жумгал районунун Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы орто мектебинин залында улантылып, ага дубан башчы А.Кайыпов, район акими А.Сапаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ф.Өмүралиева жана мектеп директору К.Түнтеев катышып, балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттукташты.

Балдардын балаты майрамына райондун аймагынан окуунун алдыңкылары, ата-энесинен ажыраган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 130 баласы катышты.

«Облус башчы балдарды келе жаткан 2018-жаңы жылы менен куттуктады. Жаш жеткинчектердин окууларына ийгиликтерди, чыгармачылык бийиктиктерди каалап, максаттары ишке ашырылышына тилектеш экенин билдирип, белектерин тапшырды», - деди Г.Исакова.

Балдарга райондук театр кызматкерлери тарабынан театрлаштырылган концерттик программа тартууланып, жомок каармандары менен оюндар уюштурулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1805
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×