Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Нарын

Айыл турмушу: Хирург Д.Болотбеков 30 жылдык жашоосун кесибине арнап, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда 31 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан жалгыз хирург Дүйшөнбек Болотбеков учурда 55 жашка келди. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дарыгер 1962-жылы Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында төрөлгөн. 1979-жылы айылдагы Горький атындагы орто мектебин аяктаган соң, И.Ахунбаев атындагы медициналык академиясынын хирургия бөлүмүндө билим алган. 1986-жылы Фрунзе шаарындагы №1 шаардык ооруканада 1 жылдык ординатурадан өткөн.

«Өмүрүмдү элдин саламаттыгына арнагам. Кандай гана оор кырдаал болбосун маянанын аздыгына карабай эмгектенүүнүн үстүндө жүрдүм.

Биздин иш өтө жоопкерчиликтүү болуп, элдин саламаттыгына кам көрүү менен алекпиз. Күндөп-түндөп ооруканада жүрүп, үйдү көрбөй калган да күндөрүбүз болгон. Миңдеген бейтаптарга кам көрүү менен ушул даражага жеттим десем болот. Уулдарымдын бири да менин жолумду жолдоп, тиш дарыгери болуп эмгектенип жатат», - деди Д.Болотбеков.

Ардактуу дарыгер Токмок шаарында иштеп, андан соң 1990-1992-жылдары Россиянын Ленинград шаарында аскер дарыгери, 1992-1997-жылдары Миң-Куш шаарчасынын ооруканасында хирургия бөлүмүнүн башчысы, 1997-2001-жылдары Миң-Куш ооруканасында башкы дарыгер болгон. Ушул эле мекемеде 2001-2007-жылдары хирург, 2007-2008-жылдары Чаек айылындагы райондук ооруканада хирург, дарыгер-травматолог, 2008-2012-жылдары хирургия бөлүмүнүн башчысы, 2012-2013-жылдары оорукананын директорунун орун басары болуп эмгектенди. 2013-жылдан тартып оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келет.

Ал үзүрлүү эмгегинин аркасы менен биринчи категориядагы хирург, бир нече жолу райондук бийликтин, айыл өкмөттөрдүн жана облустук бийликтин ардак грамоталарынын ээси болууга жетишти. Ошондой эле, райондун, айылдын ардактуу атуулу, 2014-2016-жылдары райондун мыкты дарыгери наамдарына татыган. Мындан тышкары, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн генералы тарабынан ардак грамота менен сыйланган.

Учурда хирург 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2281
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
8:19,   20.04.2018   ( 10 адам окуп жатат)
×