Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 15.01.2018 08:23

Хоккей боюнча Жумгалдын биринчилиги жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы райондук деңгээлде уюштурулган хоккей мелдеши жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды, деп билдирди аймактык кабарчы. 13-14-январдагы мелдешке жалпы 10го чукул команда катышкан.

Жергиликтүү көмүр кендердин бири демөөрчү болгон мелдеш 2 күнгө созулуп, жыйынтыгында 1-орунду Кызыл-Жылдыз айылынан түзүлгөн «Кызыл-Жылдыз» курама команда ээледи. Ал эми, 2-орунду Бишкектен келген «Локомотив» командасы ээлесе, 3-орунга Чаек айылындагы «Чаек-Шортон» командасы татыктуу болду. 4 орунду Миң-Куш айылынын «Барчын» командасы ээледи.

Жеңүүчүлөргө байгелер райондун акими А.Сапаровдун катышуусунда тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×