Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Кочкордогу «Сейил» гүлбакчасына таштандылар төгүлүп жатат, - тургундар (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы «Сейил» гүлбакчасына таштандылар төгүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга эс алуучулар билдиришти.

Алардын айтымында, аталган гүлбакчада таштандыларды төгүүчү орун бар. Бирок ал жерге гүлбакчанын айланасындагы тургундар да таштандыларын төгүп кетишет.

«Таштанды төгүүчү жайдан 15-20 метр алыста кинотеатрдын жана социалдык башкармалыктын имараты жайгашкан. Ошондуктан таштанды төгүүчү жайды башка жерге которушса жакшы болор эле», - деп билдиришти эс алуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 674
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×