Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 18.01.2018 13:15

Айыл турмушу: Канистрден коньки, бактан таяк жасап хоккей ойногон спорт чебери К.Өмүрбековдун командасы ийгилик жаратууда (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 30 жаштагы тургуну Канайбек Өмүрбеков 8 жашынан бери хоккей ойноп келет. Ал учурда хоккей боюнча спорт чебери. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

К.Өмүрбеков 1988-жылы туулган, үй-бүлөдө 6 бир тууган. Атасы Жолдошбек Өмүрбеков учурда 68 жашта, апасы Турдубүбү Байтемирбекова 64 жашта. Өзү орто мектепти 2006-жылы аяктап, 2 жыл Чүй чек ара күзөтүндө аскердик кызматын өтөгөн.

«Хоккейге болгон кызыгуум айылдагы үйүмө жакын Шортон көлмөсүнөн башталган. Көлмө кышкысын тоңуп калат. Балдар менен андагы карды шыпырып, муз аянты кылып ойночубуз. Хоккей ойногон бизден улуу байкелерибизди көрүп, кызыгуу күчөгөн. Бир тууган иним Төлөгөн Жолдошбеков дагы хоккей ойнойт.

Бирок ал убакта коньки жетишсиз болчу. Бири-бирибизди күтүп, конькини кезек менен тепчүбүз. Ал кезде союздун конькилери болор эле. Ал бутка жакшы кармабагандыктан канистрдин капталын кесип, конькинин ичине салып тепкен күндөр дагы болду. Ал эми таягын бактын ийри бутактарынан кыйып, жонуп алып ойночубуз. Конькини мен 8 жашымдан баштап тепкем жана хоккейди ошол кезден эле баштап ойноп жүрдүм. Кийин шаарда борбордук муз аянтчасында машыгып күч топтодук», - деди К.Өмүрбеков.

Ал жыл сайын хоккей мелдештерине активдүү катышып жүргөндүгүн кошумчалады.

К.Өмүрбеков «Жумгал-Шортон» командасы менен бирге 2014-жылы Бишкек шаарында өткөн Азиянын чакыруу кубогунда финалда макаолуктарга 5:4 эсебинде утулуп, 2-орунду алышкан. Ошондой эле, 2015-жылы Кувейт мамлекетинде өткөн мелдеште 3-орунду, 2016-жылы Азия чакыруу кубогунда Макаонун командасын утуп, 1-орунду алышкан.

«Учурда дагы ийгиликтерди жаратууга жакшы тилектер менен хоккей ойноп келебиз. Миң-Кушта өткөн райондун кубогунда Кызыл-Жылдыз айылынан түзүлгөн "Нуралы ата" командасына кошулуп, 1-орунду жеңип алдык. Ийгиликтер алдыда, хоккей Жумгалдын мекени деп бекер айтылган эмес», - деди ал.

Канайбек учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×