Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Нарын

Жумгалдагы пенсияга чыккан мектеп директорлору ушул жылы кызматтарынан кетишет (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда пенсияга чыгып, бирок көп жылдан бери иштеп келе жаткан мектеп директорлору бар. Бул тууралуу жергиликтүү активист Руслан Дооронбеков билдирди.

Анын маалыматында, Жумгал районунда пенсия курактагы мектеп директорлор өз кызматтарын өткөрүп бербей иштеп келишет. 20-30 жыл бир мектепти башкарып, директор болгондор да бар. Мындан улам билим берүүнүн сапаты жакшырбай, айрым мектептерде иш алдыга жылбай калган. Ошону менен бирге жаш кадрларды тартуу, мектептерге кызыктуу программаларды киргизүү, жаңыча иштерди аткаруу артта калган.

«Өкмөттүн билим берүү тармагы боюнча №541 токтому жана жалпы билим берүү мекемелеринин типтүү жобосунда, билим берүү мекемесиндеги уставда көрсөтүлгөн тартиптер аткарылбай келет. Мисалы пенсия курактан ашкан, пенсиядагы инсандар көп жылдар бою мектеп директору болуп иштешет. Мыйзамда пенсия курактагылар директор боло албайт жана 5 жылдан ашык мөөнөткө дайындалбайт деп турат. Бизде алды 18 жыл, арты 5 жыл башкарган пенсионер директорлор бар. Алар мыйзамды сакташпайт, тааныш-билиш менен келишимди 2-3 ирет узартып алышкандары бар. Ал эми 20-30 жылдан бери бир мектепти кыймылдабай башкарган директорлор аз эмес, айрымдары пенсияга чыгуу мезгили келсе да кызматты өткөрүп бербей отурушат. Мындан улам айрым билим берүү мекемелеринде окуучуларга болгон зордук-зомбулуктар күч алса, билими туура келбеген мугалимдерге мектепте сабак бөлүштүрүү иштери жүрүп келет», - деди Р.Дооронбеков.

Бул маселе боюнча Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева чындыгында пенсияга чыккан директорлор бар экенин, алардын келишими 2017-жылдын 29-декабрында бүткөндүгүн, бирок ушул жылды жыйынтыктоо менен пенсия жашындагы мектеп директорлор өз кызматтарынан кете тургандыгын билдирди.

«Жумгал районундагы пенсиядагы директорлор — Чаек айылындагы О.Ногойбаев орто мектебинин директору С.Бойтоев (2012-жылдан бери иштейт), Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын директору Л.Жансариева (2006-жылдан бери), Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы орто мектебинин директору А.Молдалиев (2000-жылдан бери), Беш-Терек айылындагы К. уулу Жолдошбек атындагы орто мектебинин директору С.Кадыров (2012-жылдан). Типтүү жобого ылайык алардын келишимдери декабрь айы менен бүткөн. Бирок ушул окуу жылын толук жыйынтыктап, кызматтарын өткөрүп беришет. Ал эми көп жыл бир мектепти башкарган директорлор буга чейин ич ара ротация болгон, эми дагы улантылат.

Ал эми райондогу билим сапаты жана зордук-зомбулуктар боюнча айтылгандарга кошулбайм. Райондо мурдагы жылдарга салыштырмалуу билим деңгээл жогору. Жаңы мектеп, бала бакчалар ачылып, пайдаланууга берилүүдө. Ошондой эле, билим берүү тармагында жаңы долбоорлор менен иш алып баруудабыз», - деди Өмүралиева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5306
Көп окулду
×