Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Нарын

Жумгалдагы маданият бөлүмүнүн жана музейдин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Turmush -  Жумгал районунун маданият бөлүмүнүн жана музейдин кызматкерлерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жумгал районунун прокуратурасынан билдиришти.

Маалым болгондой, «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринде иштеген кызматкерлердин эмгек стажы үчүн үстөк акылар жөнүндө» мыйзамды аткаруу үчүн аталган түзүм Жумгал районунун маданият бөлүмүнө текшерүү жүргүзгөн. Анын натыйжасында маданият бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Т. жана башка жооптуу кызматкерлер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ашыкча эмгек акы алгандыгы аныкталган. Ошондой эле, Ш.Эсенгулов атындагы тарыхый-этнографиялык музейдин жумушчулары Г.Н. жана Н.А. алдоо жолу менен ишенимге кирип, тиешелүү документтерди жасашкан жана анын негизинде ашыкча эмгек акы алышкан. Анын кесепетинен мамлекетке 153 миң 522 сом өлчөмүндө чыгым келген.

Аталган факты боюнча Жумгал районунун прокуратурасы Жумгал районунун маданият бөлүмүнүн жана музейдин кызматкерлерине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 166-беренесинин 2-бөлүмү (алдамчылык), 350-беренесинин 1-2-бөлүмдөрү (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоду. Аталган кылмыш иш иликтөө иштерин улантуу үчүн Нарын ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1477
×