Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 22.01.2018 10:03

Жумгал райондук мамкаттоонун жана Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан кетүү арызын жазышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Бектен Кадыров менен райондук мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Рысбек Кудайбергенов өз каалоосу менен кызматынан кетүү боюнча арызын жазышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү активист Марат Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчысына буйрук 22-январда чыга турган болсо, райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисине 15-январда чыккан.

Жумгал районунун акими Адыл Сапаров аталган жетекчилердин ордуна жакында жаңы башчылар келе тургандыгын билдирди.

«Өз каалоосу менен кетишти. Ден соолуктарыбызга байланыштуу деп арыз жазышыптыр. Эми жакында жаңы айыл өкмөт башчысын жана мамкаттоонун жетекчисин дайындап алабыз», - деди Сапаров.

Тема боюнча: Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Б.Кадыров шайланды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×