Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Нарында грек-рим күрөшү боюнча уландар арасында өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланышты (фото)

Turmush -  Нарын райондук балдар жана уландар спорт мектеби мектеп окуучулары арасында грек-рим күрөшү боюнча райондун ачык биринчилигин өткөрдү. Бул тууралуу башкы калыс Карыбек Бошубеков билдирди.

Анын айтымында, мелдеште Орток, Ийри-Суу, Орто-Нура, Эмгекчил, Миң-Булак, Эчки-Башы, Кара-Чий, Казан-Куйган, Жан-Булак, Куланак, Учкун айылдарынан жана Нарын шаарынан келишкен 135 балбан 13 салмактык чен бирдикте күч сынашты. Мелдештин катышуучулары өздөрүнүн мыкты даярдыкта экенин көрсөтүшүп, күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан беттеш тартуулашты.

Мелдештин жыйынтыгында 23 кг салмакта А.Жолдошбеков, 26 кг салмакта А.Жекишов, 29 кг салмакта К.Таалайбеков, 32 кг салмакта С.Бекмырза уулу, 35 кг салмакта Ж.Ырысалиев, 38 кг салмакта Н.Шабданбеков, 41 кг салмакта А.Кенжебеков, 44 кг салмакта А.Эркинбек уулу, 48 кг салмакта Т.Таалайбеков, 52 кг салмакта Т.Кубанычбеков, 57 кг салмакта С.Кылычбеков, 62 кг салмакта Н.Камчыбек уулу, 69 кг салмакта А.Таалайбеков 1-орунду камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө ээлеген орундары боюнча алтын, күмүш, коло медалдар менен бирге тиешелүү даражадагы дипломдор тапшырылды. Ошондой эле, жеңүүчүлөргө мелдештин облустук туруна катышууга жолдомо берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 607
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×