Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Сууктан улам Кара-Кечеде көмүр казуу иштери убактылуу токтотулду

Turmush -  26-январдан тарта «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кечедеги карьеринде көмүр казуу иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин жетекчиси Улан Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, башка ишканалар көмүр казууну улантып жатат.

«Биз көмүрдү мурда даярдап койгонбуз. Азыр Балыкчыдагы отун базада 2 миң тонна көмүр бар. Көмүр тартыштыгы болбошу керек. 26-январдан тарта ал жакта абанын температурасы -45 градуска чейин жетип жатат», - деди ал.

Карьердеги иштер 1-февралда кайра калыбына келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1197
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×