Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Чаектеги кароосуз калган соода борборунун имараты оңдолуп, инновациялык билим берүү борборуна айланат

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында СССР мезгилинен бери кароосуз турган соода борборунун имараты билим берүү борбору болот. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева билдирди.

Анын айтымында, «Миң-Кыял» соода борборун долбоордун негизинде билим берүүчү инновациялык борбор кылуу демилгеси көтөрүлүп, айыл өкмөттүн карамагына алуу каралып жатат.

«Учурда имаратты жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка сатып алып, аны оңдоп, муниципалдык билим берүү борбору кылуу демилгесин жергиликтүү кеңештин депутаттары колдоп жатат. Муну менен билим берүү системасы жөнгө салынат», - деди ал.

Мындан тышкары, райондун борборундагы Кара-Жээк, Беш-Терек жана Ак-Татыр айылдарынан 50 чарчы метр жер муниципалдык менчикке өткөрүлүп, ал жерге бала бакча куруу чечими кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 779
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×