Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Жумгалдык жаштар Ак-Татырдагы эски имаратты футбол аянтчасына айландырышты (фото)

Turmush -  Жумгалдын Ак-Татыр айылында спорт зал жок болгондуктан айыл жаштары эски РТС имаратын оңдоп, футбол ойноо менен алек болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, жаштар Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Татыр айылында жайгашкан РТС имаратын тазалап, терезе-эшиктерин оңдоп чыгып, футбол боюнча мелдештерди өткөрүшүүдө.

«Буга чейин имараттын ичине жарык коюлган болчу. Бирок ал кароосуз болгондуктан электр лампаларын сындырып кетишкен. Азыркы учурда Ак-Татыр айылынын тургундары 4 прожектор беришип, имаратка коюлду. Азыр жаштар кечки убактысын футбол ойноо менен өткөрүүдө», - деди айыл тургундары.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 927
Көп окулду
×