Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

«Жеңеке»: Өзүнүн мугалимине келин болгон Г.Насыранбекова жаңы келин болгондо таңкы саат беште турчу (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну, мугалим Гүлмира Насыранбекова жаңы келин болуп келгенде кайын атасынан биринчи ойгоном деп көп аракет кылчу. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлмира жеңе 1988-жылы эл агартуучулардын үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө 7 бир тууган. Учурда 2 кыз, 1 уулдун энеси.

Атасы Чынтемир Насыранбеков учурда 68 жашта, өмүр бою химия, биология сабактарынан мугалим болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Апасы Шаршенбүбү Кенжалиева 65 жаш куракта, кесиби боюнча мугалим. Орто мектепте орус тили жана орус адабияты сабагын окутуп, учурда ал дагы ардактуу эс алууда.

Гүлмира 1995-жылы айылдагы Калык Акиев атындагы орто мектебине кирип, 2006-жылы аны ийгиликтүү аяктоо менен Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы факультетинде билим алган. Окуу жайды бүтүп, айылдагы К.Акиев атындагы орто мектебинде балдарга билим берип баштаган. Жолдошу Урмат Шыйтыев менен бирге 7 жылдан бери түтүн булатып келишет.

«Жолдошум менен түтүн булатып келе жатканыбызга быйыл 7 жыл болот. Ата-энеси куда түшүп, колдон алып кетишкен. Жолдошум Урмат менен 3 жыл сүйлөшүп баш кошком. Кесиби боюнча дене тарбия мугалими. Учурда 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келебиз. Жолдошум экөөбүз учурда төртүнчү наристебизди күтүп жатабыз. Кайын атам 72 жашта, ал эми апам 70 жашка чыгат. Апам өзү тилчи, кыргыз тил жана кыргыз адабиятынан өмүр бою сабак берген.

Жаңы келин болуп келгенде канча эрте турганга аракет кылсам деле менден биринчи кайын атам ойгонуп алчу. Күндө саат таңкы 05:00дө турсам деле атам ойгонуп алган болот. Андан кийин сааттын коңгуроосу менен ойгонуп жүрдүм. Атамдан эрте турсам абдан сүйүнчүмүн, көрсө атам эрте ойгончу экен. Аны билгенден кийин убагында туруп калдым.

Мектепте окуп жүргөндө апам (кайнене) сабак берчү жана класс жетекчим да болуп жүргөн. Мага мугалимдик кесипти оку дей берчү», - деди ал.

Гүлмира жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар сыйлыктарга татыган. Мектепте башталгыч класстардын окуучуларына ар түрдүү багытта сабак берип, өспүрүмдөрдү талыкпай тарбиялап келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1354
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×