Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 09.02.2018 14:07

Жумгал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилигине Аида Бектурганова дайындалды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилигине Аида Бектурганова дайындалды. Ал буга чейин Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси болуп иштеген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

IMG_20180209_124745

Ал буга чейин Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Сапаровдун сунушунун негизинде аталган башкармалыктын жетекчилигине жарыяланган сынактын үч этабынын жыйынтыгы менен жогорку көрсөткүчтү камсыз кылган.

А.Бектурганова 1968-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Бирлик айылында туулган. 1990-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эсеп-экономикалык факультетин аяктап, бухгалтердик эсеп жана анализ адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун Фрунзе химиялык заводунда материалдык бухгалтер болуудан баштаган. 1990-1993-жылга чейин Жумгал районундагы быткомбинатта экономист-бухгалтер, 1993-1995-жылдары Жумгал райондук өндүрүш кооперативинде эмгектенген. 2000-2001-жылдары Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн социалдык инспектору, 2002-2012-жылдары Жумгал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында башкы адис, бөлүм башчы кызматтарында эмгектенген. 2016-жылдын апрель айынан тартып 2017-жылдын ноябрь айына чейин Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси кызматында эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×