Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 09.02.2018 16:35

Жумгалда абанын күндүзгү температурасы -30 градуска төмөндөдү (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында абанын күндүзгү температурасы -30 градуска төмөндөдү. Бул көрсөткүч кечээ, 8-февраль күнү күндүзгү саат 11:00 чамасында болгон.

Айыл тургундарынын маалыматында, райондун борбору жана Шортон аймагында абанын күндүзгү температурасы -30 градусту көрсөтсө, тоолуу аймактар менен айдоо талааларында -35...-40 градуска жеткен.

Куйручук айылынын тургуну Замир Баисов учурда айылда -22 градус суук болсо, айдоо аянттарда -30 градуска жеткендигин айтты. Ал эми Миң-Куш айылында суук -20 градус экенин айыл тургуну Канат Алманбетов билдирди.

Ошондой эле, айылдыктар абанын түнкү температурасы -35...-40 градуска барып жаткандыгын атайын аба ченегич менен байкашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×