Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 10.02.2018 15:43

Жумгалдыктар райондук мамлекеттик каттоо кызматындагы тазалыктын сакталбашына нааразы (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын имаратынын босогосунда тазалык сакталган эмес жана ичин желе басып кеткен. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган имаратка баш баккан кардарлар билдиришти.

Мурат аттуу айыл тургунунун айтымында, аталган имаратка киргенде анын таза эместигине кыжыры кайнайт. Ошондой эле, ал имараттын кире беришинде сынып, талкаланган отургучтар, имараттын короосундагы 2 дааратканадан чыккан жагымсыз жыт тургундарды ыңгайсыз абалга калтырарын кошумчалады.

«Өзү мамлекеттик мекеме, бирок ичине кирсең мал баккан сарайга окшоп тазалыгы каралбайт. Коридорунда электр жарыгы жок караңгы. Ичине кирсең желе баскан, сыртын айтпай эле кой таштанды басып кеткен», - деди М.Аттокуров.

Бул маселе боюнча аймактык кабарчы аталган кызматка кайрылган учурда башчынын кызматтан кеткенин, анын ордуна жаңы жетекчи дайындала электигине күбө болуп, башка адистерден тийиштүү жооп ала алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×