Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.02.2018 18:13

Жумгалда мектептен сырткары кошумча эстетикалык тарбия берүү борбору ачылды (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда кошумча эстетикалык билим берүү борбору ачылды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы орто мектебинде жайгашкан борборго учурда окуучулар кабыл алынып, кошумча билим берилип жатат. Борбордун жетекчиси Жапарбек Допоев мындай борборлор мурда болгонун, бирок бир аз убакыттан кийин кайра жабылганын айтты. Бул ирет райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте ачылды.

«Бул борбордун максаты — балдарга кошумча, мектептен тышкары билим жана эстетикалык тарбияларды берүү болуп саналат. Азыр бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо жана компьютер менен иштөө, сүрөт тартууну, бий үйрөтүүнү баштадык. Райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте ата-энелердин сунушу менен ачылды. Учурда окуучулар кабыл алынып, 19-февралдан тартып жалпы тестирлөөгө даярдануу менен бирге чет тилин үйрөнүп жатышат. Азыр мугалимдер компьютерде иштөөнү билишпейт, аларды да кошо үйрөтүп жатабыз. Бул борбор атайын устав менен иш алып барат. 30 академиялык сааттын баасы 1500 сом», - деди Ж.Допоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×