Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 16.02.2018 14:17 На русском

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Ж.Кызалакова көлдөлөң жасоонун ыкмасын айтып берди (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 62 жаштагы тургуну Жумабүбү Кызалакова көп жылдан бери малдын терисинен көлдөлөң жасайт. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Жумабүбү апа 5 баланын энеси, учурда небере-чөбөрөлөрү менен үйдө отурат.

«Көп жылдан бери ушул көлдөлөң жасоо менен эмгектенип келем. Көлдөлөңдү кылчык жана мытыс койлордун жүндөрүнөн жасайм. Алгач тери 10-15 күндөй айранга ашатылат. Андан соң аны таза жууп, чала кургаганда 2 күн катары менен жука кылып айран сүйкөйм. Андан кийин ийлей баштайм. Мен көбүнчө ийленген терини күрөк менен сүрөм. Күнүнкүсүн күнүнө ийлеп, кырып туруш керек.

Төшөккө караганда көлдөлөң жылуу болот, баалуу да келет, жумшак жана төшөк сыяктуу кирдебейт. Бир көлдөлөңгө 4-5 тери керектелет. Узундугу 3-3,5 метр, туурасы 1,2-1,5 метрге жетет. Улактын терисинен да жасалат. Жаңы 1 жашка чыга элек улактыкы жакшы болот, ал эми эчкилердин териси узун саксагай болуп калат. Ашатканда жакшы ийленсе жумшак болот.

Көлдөлөң жасаш үчүн терини кесип, андан кийин тигебиз, тиккенде атайын кийиз жип менен тигилет. Бир көлдөлөңдү такай отуруп тиксең 2 күндө бүтөт, ал эми шашпай тиксе 4-5 күндө тигип бүтсө болот», - деди Ж.Кызалакова.

Учурда 62 жашка толгон Жумабүбү апанын жолдошу Канымет Ажыбаев убагында колхоздо трактор айдаган. Азыр ардактуу эс алууда жана мал багуу менен алек.

«Терини жайы бою жууп тазалап, ийлеп коюп, кышкысын көлдөлөң жасайм. Аны атайын сатып көргөн эмесмин. Уул жана кыздарыма дайыма жасап берем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×