Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 19.02.2018 08:11

Жумгалда Муратбек Бегалиев атындагы музыкалык мектеп ачылды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында композитор Муратбек Бегалиевдин ысымы берилген балдардын искусство мектеби ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Руслан Молдобазаров кабарчыга билдирген. Анын айтымында, 17-февралдагы ачылыш аземге Муратбек Бегалиев өзү, М.Күрөңкеев атындагы окуу жайдын директору Тенти Мураталиев, ырчы Токтобек Асаналиев, комузчу Закирбек Дүйшөнбеков, обончу Улан Качкыналиев жана район жетекчилери менен ардактуу инсандар катышты.

Буга чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн эски мектептин имараты искусство мектебине берилип, 6 класстык бөлмө даярдалган. Ал жерден балдар акысыз билим алышат жана комуз, вокал, Манас таануу жана көркөм өнөр боюнча терең билим берилет.

«Азыр 4 мугалим жана мектеп директору иштеп жатат. Завхоз, кароолчу жана от жагуучу кызматкер үчүн штаттар ачылды. Бул демилге район акими А.Сапаров, маданият бөлүмүнүн башчысы жана мектептин директору, ошондой эле биздин аракетибиздин аркасы менен ишке ашты. Буюрса бул мектептен жакшы өнөр ээлери чыгат деп үмүттөнөм», - деди Р.Молдобазаров.

Композитор, педагог, Кыргыз улуттук консерваториянын ректору Бегалиев Муратбек Акимович 1955-жылы Жумгалдын Миң-Куш шаарачасында төрөлгөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×