Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 19.02.2018 09:36

Жумгалда волейбол боюнча райондун биринчилиги өттү (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында волейбол боюнча окуучулар арасында райондун биринчилиги өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, мелдешке райондун аймагындагы бардык орто мектептердин окуучулары катышты. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Жумгал айылындагы Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектеби, 2-орунду Байзак спорт мектебинин окуучулары, ал эми 3-орунду Куйручук айылындагы Аблас Сулайманов атындагы орто мектебинин окуучулары ээлеп, айыл өкмөтү тарабынан ардак баракчалар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×