Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 20.02.2018 16:23

Мамлекеттик салык кызматынын Жумгал району боюнча башкармалыгынын жетекчилигине О.Молдокеев келди

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусунун Жумгал району боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп Октябрь Молдокеев дайындалды.

Маалым болгондой, ал бул кызматка 2017-жылдын 15-декабрдагы буйругу менен бекиген.

IMG_20180216_155302

Октябрь Молдокеев 1977-жылдын 20-апрелинде Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кайырма айылында туулган. 2000-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен экономика жана менеджмент факультетинин экономика жана эмгектин социологиясы адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 2002-2003-жылдары Жумгал району боюнча салык инспектору;

- 2003-2006-жылдары ага инспектор;

- 2006-2009-жылдары эсеп жана анализ бөлүмүнүн башчысы;

- 2009-2010-жылдары Мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусунун Жумгал району боюнча башкармалыгынын кирешелердин эсеби жана салык төлөмдөрүнүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

- 2011-2014-жылдары Мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусунун Жумгал району боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

- 2015-2017-жылдары Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында инвестиция тартуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча башкы адис болуп иштеген.

Октябрь Молдокеев Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын, Мамлекеттик салык кызматынын жана аталган түзүмдүн чыгыш региондор аралык башкармалыгынын ардак грамоталары менен сыйланган. Мамлекеттик салык кызматынын отличниги жана 2-рангдагы кеңешчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×