Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 28.02.2018 13:04

Айыл турмушу: Сайма менен түймөнү мыкты өздөштүргөн Э.Шергазиева курак курап, төшөк көктөйт (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 67 жаштагы тургуну Эркебүбү Шергазиева сайма менен түймөнү мыкты өздөштүргөн уз-чеберлердин бири. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Э.Шергазиева пайгамбар жашына келип калса да төшөк көктөп, курак жасайт.

«Жаштык кезим ушул сайма менен өтүп кетти. Ар бир сайманы балдарыма, жакындарыма арнап эле сая берчүмүн. Буга көздүн майы кетет, көп убакыт сарпталат. Жибек жип, сайма жип, жүн жиптерди колдонгонбуз. Жиптер кээде тартыш болуп, байпактан чубап алып колдончубуз, шерс, мулине жиптер кымбат жана сейрек кездешчү эле. Аларды да кооздукка колдончубуз. Илгери сыналгы жабуу, жүк жабуу, идиш аяк жабуу деп сайма сая берчүбүз. Ошондой эле гүлдөрдүн, жаныбарлардын сүрөттөрүн колго сайчу элек», - деди Э.Шергазиева.

Ал азыркы жаштар кыргыздын нукура буюмдарын колдонушпай, урунбай жана кызыкпай калышканына абдан өкүнөт.

«Азыр сайма сайган келин, кыз жок го. Мен саймадан тышкары курак курайм, көлдөлөң жасайм. Сатып алам дегендер болсо ушул эмгектеримди баалаган инсандарга сатам. Болбосо үй музейи кылып баарын чогултуп койсом дейм. Мындан тышкары тор түйөм, аны улуу муундардан көрүп эле үйрөнүп алган элек. Колго атайын сайылган кийиздерим бар. Кийизди да колго чыраштап шырып чыгам», - деди ал.

Эркебүбү апа кол өнөрчүлүгүн башкаларга үйрөтсөм деген кыялы бар.

«Кийинки жаштар ийне кармап көргөн эмес, кызыгышпайт дагы. Ал кезде жумушка да барчубуз, үй оокаттарын кылчубуз, кол өнөрчүлүккө да жетишчүбүз. 3 кызым бар, 1 уулум бар эле каза болуп калган. 10 неберелүү, чөбөрөлүү болдум», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×