Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 01.03.2018 18:02

Айыл турмушу: Жумгалдык К.Жамансариева кагаздан жасаган гүлдөргө Москвадан да буйрутма беришет (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын 21 жаштагы тургуну Калыйман Жамансариева гофрокагаздардан гүлдөрдү жасап сатат. Аймактык кабарчы кол өнөрчүдөн кабар алды.

Өзүнүн айтымында, дүкөндө сатуучу болуп иштейт. Гүлдөрдү жасай баштаганына 1 жыл болду. Аларды дүкөндөргө коюп сатат.

«Гүл жасоону курбу кызымдан 1-2 жолу көрүп үйрөнүп алдым. Эң биринчи гүлүмдү өзүмдү окуткан устатыма белек кылсам абдан сүйүнгөн. Ошондон кийин күндөн-күнгө башкачараак кылып жасап баштадым. Гүлдөрдү үйдөн жасайм. Борбордон, кээде Москвадан да буйрутма беришет. Москвадан буйрутма беришсе мен бул жактагы үйлөрүнө жеткирип берем.

Кардарлардан буйрутмаларды бир нече күн эрте алып коём. Кагаздарды «Дордой» базарынан алып келем. Бир гүлдестени жасоого 6-7 саат убакыт короп, кардарларга колумдан келишимче арзан жасап бергенге аракет кылам. Коробкасы чоңураак болсо 1000 сом болот. Кичине болсо 600 сомго берем. Чоң себетке 35 даара роза салынса аны 1200 сомго баалайм. Үйрөнөм деп келгендерге да үйрөтүп жатам», - деди ал.

Чебер кыз үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×