Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 23.03.2018 08:20

Жумгалда ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кызарт айылында Нооруз майрамына карата уюштурулган ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, мелдешке райондогу айылдардын тургундары катышты. Ат оюндарынын жыйынтыгында катышуучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жыйынтыгында кунан чабышта 1-орунду Б.Айдарканов алса, 2-3-орундарды У.Думанаевдин кунандары ээледи. Ал эми, жорго жарышта 1-орунду К.Кыдыралиевдин жоргосу жеңип алды. Ушул эле жарышта 2-орунга М.Дүйшеев, 3-орунга А.Орозобековдун жорголору татыктуу болду. Күлүктөрдүн жарышында 1-орунду М. Дүйшөнбек уулу, 2-орунду Т.Абдыкасымов, 3-орунду А.Марасулов багындырды.

Ат оюндарынын жалпы байге фонду 35 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×