Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 10.04.2018 11:32

Айыл турмушу: 65 жаштагы С.Шакиров күнөскана ачып, 320 түп бадыраң менен багбанчылыкты баштады (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын 65 жаштагы тургуну Самарбек Шакиров үйүнө күнөскана ачып, бадыраң тигип багбанчылыкты баштады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, күнөскана БУУнун өнүктүрүү программасы аркылуу 300 миң сомго курулган. Анын 150 миң сомун өздүк салым катары кошкон. Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында 320 түп бадыраңдын көчөттөрүн отургузган. Буюрса ал 1-майга карата түшүм бере баштайт.

«Өзүм пенсиядагы кишимин. Азыр күнөсканада 3 кызматкер иштейбиз. Кудай буюрса жакшы, Аймактарды өнүктүрүү жылында багбанчылык кылалы деп жаңы баштадык. Буюрса май айларында бадыраңдар бышып, сатыкка чыгарабыз. Күнөскананын узуну 17 метр, туурасы 6 метр. Ичи жылуу, бардык шарты менен», - деди С.Шакиров.

С.Шакировдун учурда 2 уул, 2 кыз жана 6 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×