Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 26.04.2018 11:00

Зинабүбү Мадиева Жумгал райондук архив кызматынын башчысы болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик архив кызматынын башчысы болуп Мадиева Зинабүбү Мадиевна дайындалды. Бул тууралуу Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндөгү жобого жана КРдин өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген КРдин мамлекеттик кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык 2018-жылы 10-апрелдеги №77 буйрук менен Жумгал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо (Жумгал ЖААК) жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Зинабүбү Мадиева мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, ротация менен ушул эле кызматтын алдындагы архив агенттигинин Жумгал райондук мамлекеттик архивинин башчысы кызматына дайындалган.

Буга чейин Жумгал райондук мамлекеттик архивинин мурдагы башчысы Токтобек Өмүралиевге кылмыш иши козголуп кызматтан алынган. Ал эми Жумгал ЖААКтын башчысы ротация менен Талас облусунан келди.

Өмүр баяны:

Зина Мадиева 1956-жылы 18-июлда Чаек айылында туулган. Билими жогорку, Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктап, англис тили боюнча мугалим жана котормочу кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 1981-1987-жылдары Жумгалдагы Москва мектебинде чет тилдер боюнча мугалим болуп иштеген;
- 1987-2003-жылдары райондук билим берүү бөлүмүндө мектеп инспектору;
- 2003-2006-жылдары Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында бөлүм башчы;
- 2006-2010- жылдары акимдин орун басары;
- 2010-2018-жылдары Жумгал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо (Жумгал ЖААК) жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Сыйлыктары:

- Облустук билим берүү бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик администрациясынын жана облустук жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн ардак грамоталары менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 2 баласы жана 6 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×