Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 22.05.2018 11:29

Айыл турмушу: Акын жана котормочу М.Асаналиевдин поэзия кечеси болуп өттү (видео, фото)

Turmush -  Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, жазуучу жана котормочу Мукан Асаналиевдин поэзия кечеси болуп өттү. Ошондой эле Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылынын тургуну, акын, жазуучу Карбалас Бакировдун да жеке поэзия кечеси уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жумгал районунун тургуну Мукан Асаналиев ири чыгармаларды жана тасмаларды чет тилдерге которгону менен таанымал. Ал 1947-жылы 1-августта Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Эмгек жолун Фрунзедеги Ленин заводунда баштаган. Учурда Улуттук жазуучулар союзунун котормо секциясынын жетекчиси, Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун төрагасынын орун басары болуп иштеп келет.

Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты (2010-жыл) болуп, «Жылдын мыкты акыны, котормочусу» (КРдин эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясы, 2010-жыл), «Жылдын мыкты котормочусу» (Улуттук жазуучулар союзу, 2013-жыл) аталган жана Түрк тилдүү элдеринин жазуучулар союзунун сыйлыгы (2013-жыл) менен сыйланып, КРдин эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын академиги (2013-жыл) болгон.

М.Асаналиевдин орус, англис, түрк, казак жана азербайжан тилдеринен котормолору жана өзү жазган китептери да бар. Ошондой эле 5-6 тасманы жана «Курманжан датка» тасмасынын саундтрегин чет тилине которуп чыккан. Ошондой эле жалпы кыркка чукул чыгарманы которгон.

М.Асаналиевдин акындык таланты, котормочулук эмгеги, коомдук жана маданият багытына кошкон салымы эске алынып, «Нарын облусунун ардактуу атуулу», «Жумгал районунун ардактуу атуулу» жана «Кызыл-Жылдыз айылынын ардактуу атуулу» наамдары берилген.

Учурда анын 5 баласы, 10 небереси жана 2 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×