Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 25.05.2018 08:13

Чаектеги 10 жылдыктар көзү өткөн классташтарынын жаркын элесине арнап футбол мелдешин уюштурушту (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы мектепти 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр көзү өтүп кеткен классташтарынын жаркын элесине арнап кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүштү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, эки күнгө созулган мелдешке жалпы 18 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду 1997-жылы туулган футболчулар алып, 20 миң сом менен сыйланды. Ал эми 2-орунга 1993-жылы туулган жигиттер ээ болуп, 15 миң сом тапшырылды. 3-4-орундарды багындырган футболчулар 3 миң сом менен сыйланды.

Мындан тышкары байгелүү орундарга ээ болгон командаларга футболдук форма, дипломдор жана медалдар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×