Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 26.05.2018 22:44

Миң-Куш айылында өткөн футбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жумгал районунун алыскы Миң-Куш айылында футбол боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл активисти жана жаштар борборунун төрагасы Адис Жапаровдун айтымында, мелдешке райондун ар бир айылынан 7 команда катышып, байге фондуна 15 миң сом коюлду. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду «Чаек» командасы, 2-орунду «Миң-Куш», ал эми 3-орунду «Көк-Ой» командасы багындырды.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×