Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 01.06.2018 11:01

Жумгалда өспүрүм балдар арасында бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүп жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында акын, сатирик Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына арналган бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2004-2005-жылы туулган жаш өспүрүмдөр арасындагы мелдеш Мидин Алыбаев атындагы орто мектебинин спорт залында өтүүдө. Мелдешке Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынан жана Бишкек шаарынан келген жаш спортчулар катышууда.

Мелдеш 4 күнгө созулуп, 2-июнда аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×